Эгер сыйлуу аял болгуң келсе:
Дайыма жолдошуң келе жатканда,
сыйлуу конок келе жаткандай күтүп ал.
Аны эрте менен жакшы маанайда,
жакшы сөздөрдү айтып узат.
Ал ачка, шилекейин жутуп,
жумушка кетпеш керек.
Эч качан анын кемчилигин туугандарыңа, курбу, тааныштарыңа
айтпа. Аны акча таап келген жумушчу
катары көрбө. Анын да жүрөгү, көңүлү
бар экенин эсиңден чыгарба.
Ал дагы сен сыяктуу эле мээримге,
жылуу мамилеге муктаж.
Себепсиз туугандарыңы үйгө чакырып, жолдошуңу четке түртпө.
Эркек киши үйдүн кожоюну экенин,
үйдун тиреги экенин айтып тур.
Анын тамагын даярдап, кийимдерин
тазалагандан зээрикпе.
Аны сенин туугандарың урушуп же
уруп атса коргоп үйрөн. Көңүл кош
мамиле кылба. Ал сырттан кирсе,
чалкалап жатпа. Ага дем, күч бергенди
үйрөн. Сыноо келсе колуңан эч нерсе
келбейт дебе жана таштап кетпе.
Көңүлүнө катуу тийген сөздөрдү айтпа.
Ага дайым көңүл буруп тур.
Ал ата эне, бир туугандарына жардам
берип, акча которуп турса, урушпа.
(Сени ачка таштап, тапканынын баарын
аларга которуп салбаса керек)
Кайын журт менен жакшы мамиледе бол.
Аларга жолдошуңу жамандаба. (Бала өздөрүнүкү. Кемчилиги баары бир аларга билинбейт.)
Жолдошуңу каргаба, (Каргыш дайым эле тийе бербейт. Эгер күнөөсүз адамды күнөөлөп каргасаң, каргыш өзүңө тийет.) Эгер ажырашып кеткен болсоң, жолдошуңун тынчын ала бербе.
Ал да бактылуу болууга милдеттүү.
Аны менен жашагың келбесе, кеңешип
тынч ажырашып кет. Элге жар салуунун мааниси деле жок. Балдардын көзүнчө жолдошуңа бакырба жана ага жаман аттарды койбо. Балдарга атаңар жаман дебе. Жакшы атасын эч ким бербейт.
Ажырашсаң балдар үчүн мамилени жакшы жагына сактап кал.
Жаман, жамансың дей берсең жакшы деле жаман боло берет. Бул кеңештер:
"Жолдошунун жанында өзүн сыйлуу кылган, акылы тунук, бактылуу айымдарга тийешелүү."
Бактылуу болуңуздар🥰
( Ушунун баарын жасап деле, бактылуу боло албай жатсаңар, анда косяк чын эле күйөөңөрдө) https://www.instagram.com/reel/DH1c-UpO7ik/?igsh=MW00MHpmZWFwem12eQ==
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев