🚖 *ТАКСИ НА ГРАНИЦУ*🚖 *🇷🇺 КАЗАХСТАН🇰🇿* *🛂ВЫЕЗД-ВЪЕЗД🛂* *🚘КОМФОРТНО, 🛫НАДЁЖНО, 🚀БЫСТРО* *💯% БЕЗ ПОСРЕДНИКОВ И ПЕРЕСАДОК*       МОСКВА САНКТ-ПЕТЕРБУРГ         Санкт-Петербург Москва          Каждый день ⌚️24/7⌚️          📱+79650009970 8999 528-01-84                                 * WhatsApp*
    0 комментариев
    0 классов
    Бакыт Төрөбаев Парижде Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун башкы директору менен жолугушту Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев башында турган делегация Париж шаарында Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) Башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту. Жолугушууда ветеринардык тармакты өнүктүрүү, жаныбарлардын ден соолугун коргоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар келечектеги кызматташуунун негизги багыттарын аныктап, так пландарды биргелешип иштеп чыгууга макулдашты. Ошондой эле ветеринардык кадрларды даярдоо, лабораториялык инфраструктураны бекемдөө жана маалымат алмашуу боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди. Бул багыттагы кызматташтык Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Белгилей кетсек, жаныбарлардын ооруларынын алдын алуу, диагноз коюу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана эл аралык стандарттарга ылайык иш жүргүзүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда. Бул жолугушуу Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабына жол ачат деген ишеним бар.
    0 комментариев
    0 классов
    Бакыт Төрөбаев Нарын облусундагы ветеринарлар жана жергиликтүү эл менен жолугушту Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстар, айыл чарба жана кайра өндүрүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусунда ветеринардык кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Анда ал ири мүйүздүү малды жасалма жол менен уруктандырууну активдүү колго алууга чакырды. Бүгүнкү күндө мамлекет мал чарбасын өнүктүрүүдө жасалма уруктандыруу багытына өзгөчө көңүл бурууда. Министрлер Кабинетинин каражатынын эсебинен 17,5 миллион сомго 160 комплект жасалма уруктандыруу шаймандары сатып алынып, бардык облустарга бөлүштүрүлүүдө. Мындан тышкары, республикалык бюджеттен 60 миллион сом бөлүндү. Бул каражат элита сортундагы 270 миң доза урукту сатып алууга жана өлкө боюнча 180–200 миң уйду жасалма жол менен уруктандырууга жумшалат. Аталган иш-чара үч жыл аралыгында жүргүзүлөт. Соңку жылдары республикада малдын саны туруктуу өсүүдө. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 1 млн 828 миң ири мүйүздүү мал, 6 млн 280 миң кой жана эчки, 553 миң 516 жылкы жана 7 млн 731 миң канаттуу катталган. Ошондой эле 2023-жылдан тартып “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында техникалардан тышкары мал да лизингке берилүүдө. Бул багытта Нарын облусунда ишке ашырылып жаткан «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында 3000 баш ири мүйүздүү мал жасалма уруктандырылып, натыйжада 1912 музоо алынган. Жогорудагы кадамдар мамлекеттин, адистердин жана фермерлердин биргелешкен аракетинин жыйынтыгы болуп эсептелет. УТРК НАРЫН
    0 комментариев
    0 классов
    Сугат суусунун тарифин аныктоо алдында аймактарда талдоо иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары Мелис Райымкулов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, 32 райондо атайын талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында сугат суусунун тарифин гектарына 500 сом өлчөмүндө бекитүү чечими кабыл алынган. — Айрым дыйкандар «бул кымбат эмес бекен?» деп сурап жатышат. Бирок талдоо көрсөткөндөй, кээ бир аймактарда дыйкандар Суу пайдалануучулар ассоциациясынан 2000 сомго чейин суу сатып алган учурлар болгон. Ошондуктан, бул жаңы тариф мурункудан айырмаланбайт десек да болот. Анткени эсептөөлөр сугат ченемдеринин негизинде жүргүзүлдү, — деп түшүндүрдү Райымкулов. Эске салсак, 2025-жылдын апрель айынын башында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев да сугат суусунун тарифтери боюнча түшүндүрмө берген болчу. — Биз эки башка тарифти бекиттик. Татаал шарттагы аймактар үчүн гектарына 250 сом, ал эми суу менен камсыздоо шарты жакшы болгон райондор үчүн — 500 сом деп белгиленди, — деген Төрөбаев. Анын айтымында, мисалы, дан эгиндерин өстүрүү үчүн бир гектар жерге 1100 куб метр суу талап кылынат. Бул — бир сугат мезгилине туура келген ченем. Ошондой эле министрлик жеткирилген суунун көлөмү үчүн жоопкерчилик тартарын кошумчалаган.
    0 комментариев
    0 классов
    Кыргызстан Казакстанга сугат мезгилинде 580 миллион куб метр суу берет Кыргызстан 2025-жылдагы сугат мезгилинде Казакстанга 580 миллион куб метр суу бөлүп берүүнү макулдашты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, өткөн аптанын соңунда Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы суу чарба объектилерин биргелешип пайдалануу маселелери боюнча Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда комиссиянын жыйыны өткөн. Кыргыз делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетектесе, казак тараптын делегациясын Казакстандын суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров жетектеди. Жолугушуунун жүрүшүндө Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык объектилерден суу алуу графиктери, суу бөлүштүрүү көлөмдөрү жана объектилерди каржылоо маселелери талкууланды. Жыйынтыгында эки тараптуу протоколго кол коюлду. Макулдашууга ылайык, Кыргызстан 2025-жылдын сугат мезгилинде Казакстанга жалпы 580 миллион куб метр суу берет: анын 400 миллион куб метри Талас дарыясынан, 180 миллион куб метри Чүй дарыясынан берилет. Кыргызстан менен Казакстан суу-энергетикалык тармакта да тыгыз кызматташат. Нарын дарыясынан башталып, Орто-Токой суу сактагычы аркылуу Казакстанга агып өткөн Чүй дарыясынын суусунун 48% Казакстанга, 52% Кыргызстанга туура келет. Эки тараптуу макулдашууга ылайык, сугат мезгилинде суунун 80% чейин бөлүгүн кыргыз тарап пайдаланат. Талас дарыясындагы Киров суу сактагычынын суусунун 30% Кыргызстан пайдаланса, калган бөлүгү Казакстанга берилет. Ошол эле учурда, суу чарба объектилерин биргелешип пайдалангандыктан, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарын оңдоп-түзөө жана техникалык тейлөө иштерине Казакстан тарап да каржылык колдоо көрсөтүп келет.
    0 комментариев
    0 классов
    Бакыт Төрөбаев Таласта жүндү кайра иштетүүчү цехтин ачылышына катышты Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Талас районунун Көк-Кашат айылындагы жүндү кайра иштетүүчү жаңы цехтин ачылыш аземине катышты. — Садыр Нургожоевичтин тапшырмасынын негизинде ушул кайра иштетүүчү ишкана курулду. Бул – кластер багытындагы ишкана. Жүн кабыл алынып, топтолуп, жуулуп, тырмалат, тазаланат жана андан соң шырдак жасалат. Мындан тышкары жууркан тиге турган станок да орнотулду. Учурда эки стандартта жууркандар тигилип жатат. Биз Кыргызстан боюнча жүндү кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу боюнча тапшырмаларды бергенбиз. Нарын, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ушундай иштер жүрүп жатат. Жалпысынан алганда, бир гана жүн эмес, май чыгаруучу, сүт топтоочу пункттар, тоок фермалары да ачылууда, — деп белгиледи иш-чарада министр Бакыт Төрөбаев. Инвестиция тартуу менен аталган өндүрүштүк объектини түзүүгө 10 миллион сом жумшалган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 килограмм жүндү кайра иштетүүгө жетет. Туруктуу жумуш орундары да түзүлөт. Цехтин ишке кириши аймактын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
    0 комментариев
    0 классов
    Бакыт Төрөбаев Улуу Британиянын Экспорттук-кредиттик агенттигинин өкүлү Шебне Алп менен жолукту Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана колдоо багытында Британиянын Экспорттук-кредиттик агенттиги тарабынан берилүүчү 2,27 млрд доллар суммасындагы каржылоо маселесин талкуулашты. ЭлТР Кыргызстан
    0 комментариев
    0 классов
    Бишкекте «Сапат» сыйлыгы ыйгарылды 2023–2024-жылдар үчүн сапат жана өнүгүүгө кошкон салымы үчүн «Сапат» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү Бишкекте сыйланды. Сыйлыктарды Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев тапшырды. Анын айтымында, бул сынакка быйыл 25 жыл болду жана ал сапатты жогорулатууда жана атаандаштыкты күчөтүүдө маанилүү курал болуп калды. "Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүдө. Ички дүң өнүм (ИДӨ) 1,5 триллион сомдон ашты. Жылдык өсүш кеминде 9 пайызды түзүүдө. 2024-жылы өлкөдө 102 жаңы өндүрүш ишканасы ачылды. 2025-жылы дагы 128 жаңы ишкана ачылары күтүлүүдө. Бул аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү өнүгүүнү колдойт. Экспорт 15 пайызга өстү. Бул көрсөткүч продукциянын көлөмүнөн сапатка өтүүнү билдирет", - деди ал. Төрөбаевдин айтымында, бул сыйлыкты ыйгарууда негизги критерийлердин бири — продукцияны кайра иштетүү жана эл аралык стандарттарга шайкеш келүү болуп саналат. «Сапат» сыйлыгы жогорку сапаттагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, натыйжалуу башкаруу жана кесипкөйлүк үчүн берилет. Сынак эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Ал өнөр жай, керектөө товарлары жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы номинацияларды камтыйт. Бакыт Төрөбаев лауреаттарды жоопкерчиликтүү мамилеси жана экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
    0 комментариев
    0 классов
    0 комментариев
    0 классов
    Бакыт Төрөбаев: Ар бир айыл өкмөттө МТС түзүлүшү керек — бул мамлекеттик талап Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Сокулук районунда жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышып чыкты. Иш-чаранын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев "Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык, ар бир айыл өкмөттө МТС түзүлүшү керек. Бул — мамлекеттик талап. Акимдер жана айыл өкмөт башчылары ушул багытта иш жүргүзүүгө милдеттүү. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөр өз карамагындагы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин ижарага берип, ошонун эсебинен жан багып келишет. Мен былтыртан бери сунуштап келе жатам, айыл өкмөттөр бул жерлерди ижарага бербестен, эл менен чогуу кооперативдерди түзүп, МТСтерди иштетсе, пайда табууга болот. МТС жөнөкөй элге 20% арзаныраак кызмат көрсөтүп, пайда алып келет," — деди ал.
    0 комментариев
    0 классов
Фильтр
586232397745
  • Класс
Фото
Фото
  • Класс
Показать ещё