2-БӨЛҮМ
Бири-бирине төп келишкен жубайлар, ээрчише "Балтакул, Сакишбий" дешип, уулун эркелетип көтөрүп, кыздарын ээрчитип бактылуу. Сабира ара-чолодо Камилага ( кыздардын апасына) куран окутуп турууну да унуткан жок.
Таң кала карагандарга
- Таң калбагыла, Кудайдын буйругу менен курдашым берди уулумду, Теңирдин буйругу менен теңтушум берди кызымды. Камила болбосо мен кайдан уул- кыздуу болмокмун. Арбагы ыраазы болсун дечү.
Ошол күндөрү Тиленбайга жентек той да
беришти. Алымбай да Шарипа экөө жентекке келишти. Өзүнүн жөжөдөй балдарын ээрчиткен Шарипа Тиленбайга чапан, шымы менен тигип келиптир. Кантсе да бала багып көнгөн неме, куйрука ун кууруп, Тиленбайга буламыка даярдап ала келиптир. Жентекке Камиланын апасын да чакырышты, анткени кошуна турушчу эле.
Ал байбиче а дегенде чочулап жүрдү, "кантээр экен, кыздарды өгөйлөп койбосо экен" деп. Жентек мезгилинде Тиленбайды бешикке кайрадан бөлөштү ырымы менен. Шарипа бешикти даярдап, баланы Камиланын апасына берди эле, байбиче,
-Бөлөй бер балам, сен эми таенеси болосуң, мен ак батамды берем. Эгиздеп, сегиздеп төрөгөн сендей баштуу, нарктуу аялга бөлөтөйүн неберемди- деп жол берди.
Баланы бешикке бөлөгүчө баркыраган балага Сабира улам түшө калат. Тиленбай да апасына ынтылып бакырат. Ырым-жырымы бүтөөрү менен Сабира баласын алып отура калып эмчек салды. Үй толгон адам көз жаштарына ээ болбой ыйлап турду. Анткени сүткө тойгон Тиленбайдын ууртундагы тамчы сүт баарын ыйлаткан эле. Мээрим берсе кур эмчектен да сүт чыгат экен. Алымбай отура калып ыйлап алды, бул кубанычтын көз жашы эле. Сабиранын энелик бактысы мына ушу жан дүйнөсүнөн сызылып чыккан тамчы сүтү болчу.
Сабира уулун абдан жакшы бакты. Кабайдын тирикчилигине баш-оту менен кирип, бир тыным алган жок. Жокчулук, үй толгон баланын тагдыры тындырган жок. Бир жагынан жумушу да бар. Ал ошол Айылдык Кеңешке жетекчи болуп которулуп келген. Бир буту үйүндө болсо, бир буту конторада. Тиленбайдын кылыгы чыгып, андан сайын ширин мезгили. 2, 3 саат көрбөсө кусалыкка батып чуркап келет. Тиленбай жалаң эмчек менен чоңоюп, тамакка табити да жок. Тамак жебегенинен кыжаалат болгон Сабира докдурга алып барды.
- Балам тамак жебей жатат, көрүп берчи.
- Сүт берип жатасызбы?
- Жок.
- Чайчы? Суу? Деги эле суюктук ичип жатабы?
- Жоок, аны каяктан?
- Ой эже, эч нерсе ичпеген бала кантип болсун. Балаңыз эң сонун. Деги бир нерсе ичеби?
- Эмчек эле эмет.
Докдур аябай күлдү.
- Оой эжем, эмчек эмсе тамак жебейт да анан. Канчада балаңыз? - деп кызыга сурады.
- Экиден өттү.
-Ой болду анда, эмчектен чыгарып койуңуз. Торпоктой кылбай. Өзүңүз да арыктап кетипсиз.
- Ал эмне дегениң ботом? Ал торпок эмес менин уулум.
-Эже эркелетип жатпайымбы. Капа болдуңуз окшойт. Сүтүңүз жагымдуу болгон үчүн, балаңыз өңдүү, бул эң сонун. Тамакка табити болбогону ошондон. Кыжаалат болбоңуз.
Туталанган Сабира уулун так көтөрүп чыгып кетти. Бара жатып сүйлөнө да өзүнчө кетти,
- Өңдүү дейт, бул эмне дегени? Бирөөнүн баласын да ошентип айтабы?
Ал эми догдуру болсо, Тиленбайдын картасын таап окуп баш чайкап, ойго батты.
- Жарыктык, эки жаштан өттү дейт, бир жаштан эми өтүптүр документинде. Жакшы багыптыр, ырым кылганы го менимче. Анысын билбей эле сүйлөп койдум. Бирок бир да жолу таразага алып келбептир. Түшүнүктүү, көздөн далдоо кармаган го жарыктык. Кой ишенчиликтүү медайымдан жөнөтүп турбасак болбойт деп ойго батты.
Күн артынан күн өтүп, Тиленбай кадыресе чоң адам болуп баратат. Сабиранын талыкпаган эмгегин баалаган Өкмөт Крымга эс алууга жолдомо берди. Тиленбайын жетелеп, Кабай экөө Крымга эс алууга кетишти.
Кабай Сабира менен бир канча жыл чогуу жашаса да, Зууракан тууралуу эч нерсе дей албады. Сабира да жумуш менен алаксып, үйдөгү тирикчиликтен бошобой, бул тууралуу билбеди. Кыздары да бой жетип колуна - кол, бутуна-бут болуп, бойго жеткенин турмушка берип чекесинен тындырып тынбай келет. Абысын ажыны деле Зууракан тууралуу "лам" дешпеди. Бир күнү Сабира жумуштан келе жатып Зууракан менен жолдо жолугуп калды. Эч нерсе менен иши жок Сабира,
- Кандайсыз жеңе, жигит чоң жигит болуп жүрөбү? - деп Рысбекти өөп койду.
Жылдыздуу баланы өөп койгон Сабира Зууракандын өңү өзгөрүлгөнүн байкап калды. Абдан ыңгайсыз сезди өзүн. Зууракан да баласын колдон булка жооп айтпай жөнөй берди. Ал эми Сабира ойго батып артынан карап калды.
Үйгө келсе Кабай ээр чаар отурган экен.
- Э, абышка бир сөз айтайынбы?
-Ии, тынчылыкбы?
- Азыр жумуштан келе жатып Зууракан жеңе менен жолугушуп калдым. Абдан татына уулу бар экен. Бирок жеңе саламга келбей, баласын өөп койсом, өңү бузулуп, шарт жөнөп кетти. Туура эмес кылдымбы деп ойлоп калдым. Эмнеге андай кылды? Же туубаган аял деп түсүн буруп, ырым кылдыбы? Түшүнбөй калдым? - деп божурай берди.
Мындайды күтпөгөн Кабай -
- Жок антип айтпа да, уят - деди.
Бул сөздү эмнеге айтты өзу да билбейт. Чочуп кеткенинен эле оозунан чыгып кетпедиби. Айтканына бушайман болгон Сабира унчукпай ойго батты.
"Эмнеси уят, же төрөбөгөн аялдын көзү, сөзү тиет деп жатышабы? Менде деле мээрим бар экенине ишене элекби бул дагы?"
Ал эми Кабай болсо Сабиранын күтүлбөгөн суроосуна эмне айтаарын билбей, эмне иш кылып жатканына деле маани бербей, колундагы керкиси менен чаап жаткан ээрди максатсыз чапкылай берди. Уурулугу кармалгандай, күнөөлүү кишидей, кулагы чуулдап чыкты. Ойлору бир жерде болбой "ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат деген ушул. Качанкыга жашырат элем эми. Чындыкты билсе не болот. Башында эле айтсам болмок. Эми эмне болот, алдадың деп кетип калса балам кантет" - деген ойдон чыгалбай турду.
Анын ар бир кыймылына саресеп салган Сабира,
- Ой абышка, болду эми эс ал. Карачы бүткөн ишти бүлдүрүп салдың. Тур көк чай ичип алчы. Мен даярдайын деп ээр, керкисин колунан алып койду. Кабай да макул болуп үйгө кирди.
Ошондон көп өтпөй дагы бир кошунасы жентек берип, айыл- апаны чакырды. Сабира да түшкү тамакка келип, жентекке кошулуп, үй толгон аялдар менен бака-шака отурат. Зууракан баш болгон аялдар да бар. Бир мезгилде "апаа" деген Рысбек босогодо туруп калды эле, Зууракан чочуй,
- Эмне болду? Эмнеге келдиң балам? Бас үйгө кет- деп кетирип жиберди.
- Жөн эле койбодуңуз да жеңе - дегендерге,
- Жоок, үйгө барсын, бул жерде эмне бар буга - деди.
Сабиранын жанында отурган бир байбиче күбүрөнө:-
- Кудая тооба, ушунча да кызганчаак болобу? Миң чычаласа деле Рысбек Кабайдын уулу экени белгилүү го - деди. Сабира уккан кулагына ишенбей,
-Эмне? Эмне дедиңиз? деп кайра сурады.
- Зууракан жеңемди эле айтам. Рысбекти кызганып, атасы жакка жолотпойт дайыма. Ал Кабайдын баласы экенин элдин баары эле билет го.
Бул жаңылык Сабирага күтүүсүз болгондуктан, эмне дээрин билбей мукактанып калды. Эми элеки шаң жоголуп, түрдүү ойго чөмүлдү. Жообу жок суроолор менен алышып, жумушуна кандай келгенин да билген жок. Көңүлү алагды болуп кайра үйүнө жөнөдү, Зууракандын үйү тараптагы ойноп жаткан балдарга бурулду. Алардын арасында Рысбек да бар эле. Түз эле Рысбектин жанына барып:
- Кел уулум, атың ким? - деди.
- Рысбек. А сиз кимсиз?
- Мен Тиленбайдын апасымын. Сен кимдин баласы болосуң?
- Тиленбай менин досум.
- Досуң болобу? Атаңдын аты ким балам?
-Атамбы? Атам, ммм - деген Рысбек унчукпай калды.
- Ии, айта гой балам.
- Сиз эч кимге айтпайсызбы?
- Ооба да, айтпайм.
- Атам Кабай болот. Эч кимге айтпаңыз, урушушат.
- Ким? Неге?
- Канчада окуйсуң?
- Биринчи класста окуйум эми.
- Фамилияң ким Рыстай?
- Акматов.
- А, эмнеге? Эмнеге?
Бул суроо жоопсуз калды. Рысбек жооп бербей оюнга алаксып чуркап кетти.
Артынан узата караган Сабира, баланын бир жылдызынан окшоштук издей карады. Эгерде чын эле Кабайдын уулу болсо эмнеге Тиленбай экөөнү бир үйдө чоңойтпойбуз деген ой келди. Экөө эки үйдүн эркеси, бир атанын балдары болгон менен экөөнү бири - бирине жолотушпайт. Кабайдын кыздары Тиленбайды Рысбекке кошпойт. Ал эми Зууракандын балдары Рысбекти Кабайдын үйү тарапка жолотпой, алыстатышат. Бул ич аратирешүү, кектешүү эки үйдүн ортосунда билинбей көп жылдан бери уланып келе жатат.
Сабира бул күнү да сабыр кылды. Кечке абышкасынын көзүнөн сыр учугун издеди. Эч нерсенин шегин билгизбеген абышкасына таң калып бүтпөйт. Эртеси жумуш күнүн биринчи Рысбектин метиркасынан баштады. Мурунку Акматов деп жазылган жерди Кабаев деп оңдоп, өз колу менен Рысбекке метирка жазды да, кудуңдап сүйүнүп койду. Дагы бир баланы бактылуу кылганына сүйүнүп алды.
Эмне болгон күндө да жумушуна байланыштыра бул ишти жыйынтыктоону чечти. Баланын тагдырына кайдыгер карай албайт эле. Үйгө келип абышкасына эмнеден баштап айтаарын билбей, көпкө ойго бата тиктеп калды. Кыраакы Кабай -
- Байбиче, эмне болду? -деди.
- Эч нерсе, сага таң калып бүтпөй жатам. Менден жашырган сырларың көп окшойт ээ абышка?
- Менде эмне сыр болсун сенден жашырган?
- Ой абышка, Рысбекти канчанкыга жашырмаксың менден? Бала чоңойгон сайын жарыя болоорун билесиң да.
Күтүүсүз суроо сөзгө, абдырай түшкөн Кабай кызык болуп кетти да -
Эмне? эмне дейсиң? - деди.
-Мен баарын билем абышка.
Рысбек сенин уулуң экенин билем. Менден неге жашырдың ушуну билбеймин? Кандай ой менен мага айтпадың? Мен ушуга түшүнбөй турам. Мен балага муктаж адаммын, балада эмне күнөө? Аталатып ээрчитип, өөп-жыттап эркелелетип, аталык мээрим берүүнү неге ойлободуң абышка? Ата - эненин мээримин көрбөгөн бала, өксүк, кекчил болуп калаарын билет элең го? Азыр кусалыкта жүргөн менен, бир мезгилде ошонун баары жек көрүүгө айланса не болот? Баланы жараткандан кийин милдетин да алыш керек да. Бул кылык сага жарашпады. Эмне эле баары мени башкача табышмактуу карашат десе? Рысбекке мен каратпай койгондой сезилип жаткан турбайбы элге? Бул деген өтө уят иш да абышка? Жок дегенде метиркасын алып бербейт белең? Жаш баланын иши болуп калыптыр бул жагы - деди Сабира.
Кабай үн каткан жок. Жөн гана кыжаалат болуп турду.
-Унчукпаганың демек, баары чындык. Макул анда, эмне демек элем, мендик жумуш калыптыр.
Сабира Рысбектин метиркесине кошо, белек- бечкегин, татууларын алып, Тиленбайды ээрчитип Зуураканга келишти. Күтүлбөгөн конокко баары дел болушту. Анткени Сабира эч качан айылчылап жүргөн аял эмес эле. Жетекчи катары муктаж үй- бүлөлөрдү кыдырып, көңүл борборунда калгандыктан, дагы эмне болду деп чочулап турушту.
- Э жеңе, эмне туруп калдыңыз? деп Зуураканга учурашты.
- Кел, кел - дегени менен өзү бир кызыктай абалда болуп, кайпактап калды.
- Келдим жеңе, жаныма отуруңуз. Сиз экөөбүз сүйлөшө турган иштерибиз бар.Тиленбай экөөбүз атайы сизге келдик.
- Келгиле, келгениңер эң жакшы. Кокусунан эле кирип келсең чочуп атпайымбы?
Экөө чайлашып, наркы- беркини сүйлөшүп отурушту. Бир аздан кийин Сабира келген максатын айтты.
-Жеңе, мени күтпөгөнүңүз чын. Мен атайылап эле сиз менен кенен-кесири сүйлөшөйүн деп келдим. Рысбек Кабайдын уулу экенин кечээ жакында гана уктум. Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат дегендей, качанкыга менден бул сырды сактамаксыңар? Рысбектин эртеңкисин ойлободуңарбы? Ошол кантип болсун жеңе, балага метирка да албапсыңар. Буюрса эртеге мектепке барса кантет. Мен метирка алып келдим. Өз атасына жаздырып, болбосо эл- журтка деле уят жеңе. Рысбекти чакырыңыз белегими берейин- деди Сабира.
Рысбекке белегин берип Зуураканга кайрылды -
- Жеңе балдар бири- биринен жат болуп калбасын. Макул болсоңуз чогуу өстүрөлү, бирге өссүн.
-Кантип? Ошо кантип болсун? Мен мисалы баламды эч кимге бербейм. Көкүрөк күчүгүм жанымда эле болсун.
-Балдар бирин-бири досум деп таанып жатышат, укканга бул уят да жеңе. Булар бир туугандар да. Бир чечимге келели. Бизге баланы бер дегеним жок, бирок бат-баттан жөнөтүп туруңуз. Чогуу окуп, ойноп дегендей.
-Рахмат Сабира, кантсе да эстуу жансың да. Мага капа болбо. Рысбектин жат болуусуна көп нерсе себеп болду. Анын баарын айтып бүтө албайым. Бирок негизгисин айтып берейин.
Кудайдын жазганы экен, жокчулук белден басып, эптеп тиргилик кылып турган убакта бир этек бала менен тул калдым. Колдо жок, уул балдарды багуу кыйын болду. Мына ошондо агасынын жесири, өзүнүн жетими деп кайним Кабайга нике кыйышты. Балдарга баш-көз болот деп. Үй толгон эркек балдардын шарапаты менен бул да уулдуу болуп калсын деген ниетте. Мен деле жаш эле калдым күйөөдөн. Кудайым Рысбегимди берди, сүйүнүп сүрдүгүп баламды боорума алдым. Бирок Кабайдын бала-бакырасы бул окуяны сиңире алышпады. Ал аралыкта Камила Тиленбайды төрөп, өлүп калды. Ошондон баштап жек көрүндү болдук уулум экөөбүз. Кабай биздин эмес үй толгон балдарынын азабын тартып, биз жакка басууну да унутту. Кыздары келип эмне деген гана сөздөрдү айтышпады. Ооба, күйүт менен айтып жатышат, жаштык кылып атышат дедим. Уулдарым да бир жактан жекирип, Рысбек экөөбүзгө жер тар болуп кетти. Кыздарынын тополоңунан кийин ал тарапты карагыс болдук. Бирок үзүлбөгөн үмүт, баласына бир кайрылып келээр десек, келбеди аттиң. Анан сени алды, мына ошондо биздин акыркы үмүт узүлдү. Баламды жаап жашырууга мажбур болдум. Камиланын өлүмүнө мен күнөөлүү эмесмин го, бул кудайдын иши да. Балам бечара "атам"- деп койот, а чынында атасын да тааныбайт. Анткени бет келип көрө элек, жакындан.
Биздеги абал ушундай Сабира. Балага деле убал да.
-Жеңе мен түшүнөм. Не болгон күндө деле атасынан алыстатпаңыз. Рахмат сыр ачканыңызга. Жөнөтүп туруңуз баланы, Тиленбай экөө көнүшсүн, үйрөнүшсүн, бири-бирине.
-Макул, барып келип турат да - деген Зууракан Сабираны узатты.
Бирок бул сөз ошол эле боюнча эле калды. Кайра жаңырган жок. Сабира канча кайрылбасын Рысбекти жөнөтпөдү. Акыры өздөрү билсин деп жайына койду. Күн артынан күн өтүп, күндөштөрдүн балдары да бой тартып баратат. Экөөнүн мүнөзү эки башка, бирок экөө тең кежир. Экөө эки үйдүн эркеси да. Кээде Рысбек чоңдугуна салып Тиленбайды ыза кылып да койчу эле.
Тиленбай тентек болгону менен ак көңүл, ичинде кири жок. Ал эми Рысбектин кыйтыйып калмайы, кежир, кекчил жагы бар. Сабира үчүн Тиленбай дагы эле кичине бала. Тиленбай чоңойсо деле эч ким жокто апасынын көкүрөгүнө башын жөлөп "апоооов" деп жыттап туруп алчу. Сабира жыргап күлө баласын жыттап, "кой эми чоңойдуң уулум, бирөө көрсө уят" дечү. Бирок өзү чыдабай "кел эми" деп эмизип койчу. Кабай көрсө урушат эле, "торпоктой болуп эми" - деп.
Сабира Тиленбайдан,
- Уулум, эмне болду, эч ким урушкан жокбу? Бир жериң ооруган жокбу? Неге көзүң киртейип калган? - деп суроодон чарчабайт.
- Жок апаке, эч нерсе болгон жок, Мен чыдайым го, жигитмин го - дейт.
Ушуга окшош күндөр менен Тиленбай да 3-классты бүтүп баратат. Жалгызсырап эриккен бала -
-Мен эмнеге жалгызмын, неге бөбөгүм жок- дей берчү болду.
Тиленбайга шерик болсун деп, ошол жылы Жылдызды багып алышты. Жылдыз Сабиранын иниси Алымбайдын кызы. Жылдыздын келиши да толгон токой машакат болду. "Ме" деп эле берип коюшкан жок.
Кабайдын кыздары деле бар, алар бой жетип турмушка чыкканы чыгып, окуганы окуп кетишти. Эмне болсо да Тиленбайга шерик болсун деди окшойт да. Анан калса Сабира карысам жок дегенде мага күйүмдүү кыз болоор деп да ойлоду. Акыры иниси Алымбайга Жылдызды мага берсеңер, багып алайын, балама шерик болсун деп айттырды сиңдиси Зайнадан. Алымбай жок дей албады. Бирок келини Шарипа бербей бир топ чыр-чатак болду.
Жылдыздан кийинки төрөлгөн уулу оорукчан болуп, Шарипанын докдурдан башы чыкпады. Шарипанын апасы Калия кызына боору ооруп, Жылдызды алты айдай багып жүрдү. Жылдызды таенеси багып алганын уккан Сабира "мен багып алсам не болмок эле" - деп мен багамга түштү.Талашка түшкөн кыз эч нерсе менен иши жок, бойпоңдоп ойноп жүрөт.Үч жашка чыгып, кылыгы ширин мезгили. Алымбай өзү да кызын өтө жакшы көрөт.Эжесинин көңүлүнөн өтө албай макул болгон менен, Шарипанын көз жашына туруштук бере албай убара.
Үйдө эки күндүн биринде уруш, жаңжал. Шарипа кызымды бербейм дейт. Алымбай кызды берем дейт. Үйдөгү ызы-чуудан тажаган бала-чака Жылдызды жек көрүп кетишчү да болду. Анткени ушунун айынан үйдө күндө жаңжал. Эч нерсе менен иши жок наристе өзүнчө күнөөкөр болуп, ортодо жек көрүндү болуп да кетти. Кичине неме буга акылы жетмек беле.Эч нерсе менен иши жок томпоңдоп жүрөт ойноп. Бир күнү талаадагы жумушунан эрте келген Алымбай Шарипага-
- Жылдызды кийинт, мен жеткирип келем - деди.
-Жылдыз эч кайда барбайт.
-Эмнеге? Мен өзүм алып барам.
- Бербейм кызымды, барбайт.
-Эмнеге бербейсиң? Мен берип жатам го. Жат бирөөгө берген жокмун, өзүнүн эжеси.
-Мен аштан тойсом тойдум, баштан тойгон жокмун. Бербейм кызымды, эмне десең да бербеймин. Кайсыл эле көп кызым бар эле. Болгону эки кызым бар, экөөнү ажыратпа, алыстатып, жат болуп калышат. Уулдарыңы бере бер.Кабайдын деле уучу кур эмес, кыздары бар, ошолордун неберелеринен багып ала бербейби?
Мына ушул жерден чоң уруш чыгып, Алымбай Шарипаны сабап салды. Ызы-чуу болгон балдар, ыйлаган Шарипанын үнү түн бир оокумга чейин басылбады. Акыры жаны ачышып, жаны кашайган Шарипа :-
-Жогот көзүмө көргөзбөй ошол кызды. Алып кет, убалы мойнуңда болсун. Жанымды кой акмак - деп ыйлады.
Алымбай унчукпай Жылдызды кучактап жатып алды да, эртеси таңга маалкы биринчи каттаган автобус менен Сабирага алып жөнөдү. Чоочун жайга келген кыз атасы жанында болгон үчүн эч нерсени деле сезген жок. Ошол күнү жатып, эртеси эрте менен Алымбай үйүнө кетти. Уйкудан ойгонгон кыз туруп эле "аталап" ыйлады эле, Кабай "кел кызым" десе көнүп, бытыйып алдына отуруп калды. Мына ошондон баштап Кабайдын кызы болду да калды. Сабирага алгач боор бербей жүрдү, бирокТиленбайга көндү. Алымбайдын үйүндө эркнк балдар болгондуктан, ошолордун бири дедиби айтор, бала да бат эле көнүп кетти. Кабай да билинбей болпойгон кара кызын жакшы көрүп баратат. Каякка барбасын жонуна кондуруп алат, эркелетип койнуна алып жатат. Жылдыз да "ата" деп жабышып жанынан чыкпайт. Алымбай кызым куса болуп кетпесин деп жумасына бир келип турат. Кызын берип алган соң, үй-бүлөсүнүн алдында өзүнчө күнөөкөр. Үйгө да кем келип, талаа иштери менен, талаада түнөп калып жүрдү. Кээ бир күнү бушайман жейт, Шарипанын алдында, кудайдын алдында өзүн күнөөлү сезип. Бирок бир туугандын иши да кыйын экен. Эжесин да кыя албады да. Эки айдай убакыт өткөндө дагы кызынан кабар алууга келди.
Бул жолку келгенинде абал чукул өзгөрдү. Анткени Алымбай келип кеткенден кийин Жылдыз атасын издеп ыйлап, кежирленип калчу болду. Чыргоолонгон кыз бир топ кыйналып да, кыйнап да жүрдү. Ошол күнү чогуу кечки тамакта Сабира Жылдызга тамак берейин деп:-
-Кел кызым, тамак берейин десе,
-Ики- деп Алымбайдын кучагына башын катты. Сабира ыңгайсыз болуп калды эле, Кабай :-
-Кел кызым, Жыкытай, өзүмө кел - деди.
Кабайды да карап койгон жок.
Эже-жездесинин мостойуп калганын көргөн Алымбай ыңгайсыз болуп, өзун күнөөкөр сезип кызын өзүнөн алыстата түрттү.
- Бас атаңа, апаңа кет.
Жылдыз андан сайын Алымбайга оролуп кучактап жабышат. Алымбай какыс-кукус кылган сайын "аталап" Алымбайга жабышып чыргоолонгон кыз, баарынын шаштысын алды. Көзүнө жаш тегеренген Кабай кызын так көтөрүп, өпкүлөп сооротуп, сыртка алып чыгып кетти. Эки бир тууган экөө калганда Сабира:-
-Алиш, капа болбо, кыз сеники, же мага ишенбей жатасыңбы? Билбеймин, эми эле көнүп баштаганда улам келип алагды кылып жатасың. Бала кыйналып жатат, бизди да кыйнап.
-Түшүнөм Саке, бирок келгим келип келдим эле да.
-Ичиң ачышса алып кет. Кайра берем, мынте берсең кызды эки жүздүү кыласың. Же сенде болсун, же менде болсун. Кудайым мага бир перзент берсе жаман көрүнмөк эмесмин- деп бышактады Сабира.
-Алып кетпейм, келбей койсом кутуламбы деги?
Буулуккан Алымбай ушуну айтты да сыртка, бакка келип отурду.
Кабай кызын көтөрүп кирип бараткан экен. Алымбай,
-Жезде токтосоңуз деп Жылдызды колуна алды да бооруна кысып жыттап-жыттап, чачтарын сылап, көздөрүнөн, жүзүнөн өөп алды.
Анан Жылдызга карап:-
- Бара кой кызым атаңа -деди.
Кабай кызын алып жатыпт
-Алиш үйгө кирелиби? - деди.
-Кире бериңиз жезде, мен бир аз сыртта отура турайынчы.
-Аа, макул, батыраак кир.
Алымбай баш ийкеп эле койду. Жездеси үйгө кирээри менен жолго чыгып кетти.
Балаң түшкүр , бул бала деген адамдын каны, жаны, боору менен бирге болот окшойт. Жан дүйнөсү жанчылып, эзилип турса дагы жети түндө айылдан райондун борборуна жөнөдү. Өз жашына өзү муунуп,көз жашын төгүп ыйлап, түрдүү ойдун кучагында. Аркасына кайрылбаган Алымбай жолдун узактыгына, түндүн бир оокум болгонуна карабады.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5